Коронавирустук инфекцияны аныктоо

Бишкек шаарында кабыл алуу 21-июлдан баштап төмөнкү даректер боюнча:
Армейская көчөсү, 150-үй; Панфилов көчөсү, 203-үй

Ош шаарында кабыл алуу 22-июлдан баштап төмөнкү даректер боюнча: Монуев көчөсү, 138.

Бөлүмдөрдүн иш графиги менен төмөндө таанышса болот.

Токмок шаарына кабыл алуу азырынча жүргүзүлбөйт.

КАЙСЫ БОЛБОСУН СТАДИЯДА ИНФЕКЦИЯНЫ АНЫКТОО ҮЧҮН 3 АНАЛИЗ
1. РНК ПЧР (полимераздык чынжырлуу реакция)

SARS-CoV-2 коронавирусунун генетикалык материалын (РНК) аныктоого мүмкүнчүлүк түзөт.

Биоматериал:
кулкундан сүртүндү.
Эмнени аныктайт: контагиоздуулук («жугуштуулук»).
Натыйжалардын форматы: сапаттык (аныкталды /аныкталган жок).
Оң натыйжа эмнени билдирет: дем алуу жолдорунда вирус табылды, адам айланадагыларга коркунуч жаратат.
Изилдөө мөөнөтү: 11 күнгө чейин
Кайсы жерде тапшырса болот: Гемотесттин кээ бир гана бөлүмдөрүндө

Баасы: 1600 Сом

2. IGM КАРШЫ ЗАТТАРЫ (АНТИТЕЛА)

SARS-CoV-2 коронавирусуна IgM классындагы каршы заттарды аныктоого мүмкүнчүлүк түзгөн ИФА тест.

Биоматериал: венадан кан.
Эмнени аныктайт: коронавирустук инфекциянын стадиясын.
Натыйжалардын формасы: жарым сандык, позитивдүүлүк коэффициенти менен (инфекция төмөндөп атабы же өрчүгөнүн улантып атабы түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн маани).
Оң натыйжа эмнени билдирет: салыштырмалуу жакында коронавирус жугузулган. Иммундук система IgM классындагы каршы заттарды иштеп чыккан: аларды канда оору башталгандан соң 5-7 күндөн кийин аныктаса болот, 3-4-жумада алар максималдуу мааниге жетет, андан кийин бара-бара жок болот.
Изилдөө мөөнөтү: 11 күнгө чейин
Кайсы жерде тапшырса болот: Гемотесттин бардык бөлүмдөрүндө.

Баасы:
700 Сом

3. IGG КАРШЫ ЗАТТАРЫ (АНТИТЕЛА)

Канда SARS-CoV-2 коронавирусуна IgG классындагы каршы заттарды аныктоого мүмкүнчүлүк түзгөн ИФА тест.

Биоматериал: венадан кан.
Эмнени аныктайт: коронавирустук инфекцияга организмдин иммундук жообун.
Натыйжалардын формасы: жарым сандык, позитивдүүлүк коэффициенти менен (инфекция төмөндөп атабы же өрчүгөнүн улантып атабы түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн маани).
Оң натыйжа эмнени билдирет: иммундук система IgG классындагы каршы заттарды иштеп чыккан - көбүнчө бейтаптарда алар оорунун экинчи жумасынын аягына жакын аныкталат жана айыккандан кийин узак убакыт сакталат.
Изилдөө мөөнөтү: 11 күнгө чейин
Кайсы жерде тапшырса болот: Гемотесттин бардык бөлүмдөрүндө.

Баасы: 700 Сом

3 ТЕСТ КАНТИП ИШТЕЙТ

ПЧР-тесттин натыйжалары менен ИФА тесттердин позитивдүүлүк коэффициенттер тууралуу маалыматтар оорунун стадиясын, ошондой эле адамдын айланадагыларга карата коркунуч жараткандыгын аныктоого мүмкүнчүлүк түзөт.

Мисалы, терс ПЧР-тест, жогорку IgM маанилери жана терс же өтө төмөн IgG маанилери учурунда инфекция дем алуу системасы боюнча ылдый түшүп, колко жана/же өпкө клеткаларын жабыркатып жатат деп болжолдосо болот.

Терс ПЧР-тест, төмөн IgM маанилери жана жогору IgG маанилери учурунда адам инфекция менен бир нече жума мурун ооруп айыгып, дээрлик айланадагылар үчүн коркунуч жаратпайт деп болжолдосо болот.

Оң ПЧР-тести жана IgM жана IgG карата тесттердин терс натыйжалары учурунда, ошондой эле КДВО кайсы болбосун белгилерин жок болушунда адам коронавирустук инфекциянын инкубациялык мезгилинде болушу ыктымал. Айланадагыларга коркунуч жаратат жана жакынкы арада анда COVID-19 оорусу өрчүшү мүмкүн.

ИММУНИТЕТТИН БОЛУУСУНА ШАШЫЛЫШ ТЕСТ. 11 КҮН

Микробөлүкчөлөрдө хемилюминесценттик иммуноанализ SARS-CoV-2 коронавирусунун нуклеокапсиддик белогуна (N-белогуна) IgG каршы заттарын табууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Биоматериал: венадан кан (биоматериалды алуу өзүнчө төлөнөт).
Тест-система: Abbott (АКШ).
Эмнени аныктайт: коронавирустук инфекцияга иммундук жооп.
Тесттин сезгичтиги: 100%.
Тесттин өзгөчөлүгү: 99,6%.
Натыйжалардын форматы: жарым сандык, позитивдүүлүк коэффициенти менен (инфекция төмөндөп атабы же өрчүгөнүн улантып атабы түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн маани).
Оң натыйжа эмнени билдирет: иммундук система IgG классындагы каршы заттарды иштеп чыкты - көбүнчө бейтаптарда алар оорунун экинчи жумасынын аягына жакын аныкталат (кээ бирлеринде - алгачкы 5-7 күндө) жана айыккандан кийин узак убакыт сакталат.
Изилдөө мөөнөтү: 11 күн.

Баасы: 1360 сом

КАРШЫ ЗАТТАРГА ТЕЗ СКРИНИНГ

ИФА-анализ канда IgM жана/же IgG каршы заттарын (классты тактоосуз) аныктоого мүмкүнчүлүк түзөт.

Биоматериал: венадан кан (биоматериалды алуу өзүнчө төлөнөт).
Тест-система: Roche (Швейцария).
Эмнени аныктайт: коронавирустук инфекцияны жуктуруу фактысын.
Натыйжалар формасы: сапаттык (аныкталды /аныкталган жок).
Оң натыйжа эмнени билдирет: иммундук система коронавирустук инфекцияга каршы IgG жана/же IgM классындагы каршы заттарды иштеп чыкты. Адам качан жуктуруп алганын жана айланадагыларга коркунуч жаратабы белгисиз, кошумча диагностика талап кылынат.
Изилдөө мөөнөтү: 11 күн.

Баасы: 700 сом

Бөлүмдөрдүн иш графиги
Изилдөөлөргө кантип даярдануу керек

ПЧР-анализди тамак ичкенден соң 3 сааттан кийин тапшыруу керек, ошондой эле 3 саат бою тишти жууганга, оозду чайкаганга жана суюктук ичкенге, тамеки тартканга, сагыз чайнаганга болбойт.

IgG жана IgM каршы заттары

Канды эртең менен 8 ден 11ге чейин, ачкарын (акыркы тамак ичкенден кийин жок дегенде 8 саат өтүш керек) тапшыруу сунушталат, суу ичсе болот. Мурунку күнү кечки тамак жеңил, майлуу тамактарсыз болуш керек.

Анализге чейин 24 саат алкоголь ичкенге, спорт менен машыгууга, дары каражаттарын ичүүгө (дарыгер менен макулдашуу боюнча) болбойт. Изилдөөдөн 1–2 саат мурун тамеки тарткандан алыс болуп, кыжырды кайнатпаш керек жана ашыкча чыңалууга болбойт (тепкичтен жайдан көтөрүлүш керек, чуркаганга болбойт).

Канды тапшыргандан 15 мүнөт мурун лабораториялык бөлүмдө бир аз отуруп, эс алып, тынчтануу сунушталат.

Натыйжаларды берүү мөөнөтү
Натыйжаларды 11 календардык күнгө чейин мөөнөттө алса болот - тилекке каршы, азыр биоматериалды Москвага жумасына бир жолу гана, жекшемби күндөрү эле авиа каттам менен жеткире алабыз. Мөөнөтүндө аткаруу жана натыйжалардын жогору тактыгын камсыз кылуу үчүн биз 1 күндү жеткирүүнүн өзүнө, 2 күндү изилдөөгө, 1 күндү күмөндөр пайда болгон учурда натыйжаларды ырастоого кетиребиз.


Натыйжаларды кайдан алса болот

Биз натыйжаларды сиздин электрондук дарегиңизге жиберебиз же https://www.gemotest.ru/patients/result/ дареги боюнча жеке кабинеттен аларды көрө аласыз.

Кайсы болбосун изилдөөнүн натыйжалар бланкы менен бирге сиз экинчи документти – аныктыгын текшерүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн QR-коду менен тестирлөө натыйжалары тууралуу маалымкатты аласыз. Ар бир анализ үчүн маалымкат эки тилде берилет: орус жана англис тилдеринде. Маалымкаттар автоматтык түрдө электрондук почтага жөнөтүлөт.