Төлөм жана кайтаруулар

Буйрутманы төлөө

Медициналык кызматтарды төмөнкү жолдор менен төлөөгө болот:

  • накталай акча менен: "Гемотесттин" бардык лабораториялык бөлүмдөрүндө, ошондой эле жерине барып кызмат көрсөтүүгө буйрутма бергенде.
  • банк картасы менен: Кыргыз Республикасындагы "Гемотесттин" бардык лабораториялык бөлүмдөрү жана жерине барып кызмат көрсөткөн медициналык айымдар VISA, Visa Electron, MasterCard банк карталарын төлөмгө кабыл алышат.

Төлөмдү кайтаруу

Төлөмдү кайтарууну жол-жоболоштуруу үчүн медициналык изилдөөнү төлөгөн лабораториялык бөлүмгө кайрылыңыз.

Администраторго чектин түп нускасын, паспортуңузду же башка инсандыгын тастыктаган документти көрсөтүңүз. Администратор сизге кайтаруу арызын толтурууга жардам берет.

  • Эгер буйрутма накталай төлөнгөн болсо — администратор арызды жол-жоболоштургандан кийин каражатты кайтарып берет. Айрым учурларда каражатты кайтаруу 10 күнгө чейин созулушу мүмкүн.
  • Банк картасына акча арыз иштетилгенден кийин 3-30 күндүн ичинде кайтып келет — каражаттын түшүү мөөнөтү картаны чыгарган банкка жараша болот. Бонустарды чегерүү жана кайтаруу.
Бланк заявления на возврат
Скачать

Заявка на возврат

Параметры возврата
Вы можете прикрепить к сообщению один файл. (максимум — 5 Мб).
Если вам нужно прикрепить несколько файлов — пожалуйста, используйте архив.
Как с вами связаться?
Я даю своё согласие:

Бонустарды чегерүү жана кайтаруу

Төлөм ыкмасына карабастан, "Гемотест бонус" лоялдуулук программасынын катышуучусу болгон кардар бонустарды ала алат жана колдоно алат.

  • Бонустар менен анализдерге буйрутманын наркынын 25%га чейин төлөөгө болот.
  • Ар бир буйрутмадан 10% бонустук кешбэк чегерилет, ал эми 25 жаштан кичүү жана 55 жаштан улуу кардарлар үчүн — 15%.

Кайтарууну жол-жоболоштурганда кардардын бонустук эсеби өзгөрөт:

  • Жокко чыгарылган буйрутмага сарпталган бонустар кайтарылат.
  • Жокко чыгарылган буйрутма үчүн чегерилген бонустар жокко чыгарылат.

"Гемотест Бонус" программасы жөнүндө көбүрөөк билүү

В начало страницы