ПЧР-тесттин натыйжалары менен ИФА тесттердин позитивдүүлүк коэффициенттер тууралуу маалыматтар оорунун стадиясын, ошондой эле адамдын айланадагыларга карата коркунуч жараткандыгын аныктоого мүмкүнчүлүк түзөт.
Мисалы, оң ПЧР-тести жана IgM жана IgG карата тесттердин терс натыйжалары учурунда, ошондой эле кайсы болбосун КДВО белгилерин жок болушунда адам коронавирустук инфекциянын инкубациялык мезгилинде болушу ыктымал. Айланадагыларга коркунуч жаратат жана жакынкы арада анда COVID-19 оорусу өрчүшү мүмкүн.
Терс ПЧР-тест, жогорку IgM маанилери жана терс же өтө төмөн IgG маанилери учурунда инфекция дем алуу системасы боюнча ылдый "түшүп", колко жана/же өпкө клеткаларын жабыркатып жатат деп болжолдосо болот.
Терс ПЧР-тест, төмөн IgM маанилери жана жогору IgG маанилери учурунда адам инфекция менен бир нече жума мурун ооруп айыгып, дээрлик айланадагылар үчүн коркунуч жаратпайт деп болжолдосо болот.