Жасалма тастыктаманы аныгынан кантип айырмаласа болот?
"Гемотест" лабораториясы дайыма өнүгүп-өсүп, Кыргызстанда өзүнүн ишмердүүлүгүн кеңейтүүдө. Республикада нөлдөн баштап, компания бөлүмдөр тармагын 50гө чейин көбөйтүп, өздүк технологиялык комплексин Бишкекте ачты.

Тилекке каршы, прогресстин терс тарабы да бар – "Гемотесттин" таанымал болушунан улам биздин COVID-19га ПЧР-тесттин натыйжалары боюнча тастыктамаларыбызды башка лабораториялардан документтериндей эле жасалма кыла башташты.

Биз жасалманы аныгынан кантип айырмалаш керек экенин айтып беребиз. Бул үчүн эки аракетти эле аткарыш керек:

1) Тастыктаманын тышкы көрүнүшүн үлгү менен салыштыргыла.
Логотиптин, мөөрдүн, дарыгердин кол тамгасынын, компаниянын маалым даректеринин тышкы көрүнүшүнө жана QR-коддун болушуна көңүл бургула. Видеону көрүү.

2) QR-кодду смартфонуңуз менен сканерлегиле. Эгер бул функция камераңызда орнотулбаса, AppStore (iOS) же Google Play (Android) тиркемелеринен сизге жаккан каалаган сканерди жүктөп алгыла. QR-кодду киргизген баракчанын дареги https://www.gemotest.ru/covidcheck/ түрүндө башталабы текшергиле – муну браузериңиздин дарек сабында көрсө болот.

Даректе бөтөн символдор жокпу текшергиле- алдамчылар сиздин этиятсыздыгыңызга үмүттөнүп, бир аз даректи өзгөртүп коюшу ыктымал. Жасалма шилтеме gemotest.ru/covid-check же gemotest-lab.ru/covidcheck ж.б. сыяктуу болушу мүмкүн.

Жасалма документтер эң жоопкерчиликтүү учурда сизди жөн гана оңтойсуз абалда калтырып койбостон, аларды даярдоо жана колдонуу мыйзамсыз иш. "Гемотест" лабораториясы менен бирге саламаттыгыңыз тууралуу так жана анык маалыматты алыңыз!