Гемотест менен пайдалуу!









Гемотест менен пайдалуу!
"Саламаттыгыңыз үчүн чогулткула!" лоялдуулук программасы
Ар бир бейтап сайтта же лабораториялык бөлүмдө лабораториялык изилдөөлөргө кайсы болбосун тапшырык үчүн төлөм жүргүзгөндө бонустук баллдарды алат (тапшырыктагы ар бир сом үчүн 1 бонустук балл).

Мурун кошулуп эсептелген бонустар күйүп кетпейт.

Экинчи тапшырыктан баштап бейтап топтолгон бонустук баллдар менен каалаган тапшырыктын суммасынын 25% чейин төлөй алат (10 бонустук балл 1 сом үчүн).

Колдонуу шарттары

- Бонустук программага катышуу үчүн лабораториялык изилдөөлөргө тапшырыкты төлөп, тийиштүү үлгүдөгү анкетаны тариздеш керек.
- 14 жаштан кичүү бейтаптар үчүн анкета анын расмий 18 жаштан улуу өкүлүнүн атына таризделет/
- Бонустук баллдар лабораториялык изилдөөлөргө тапшырыктар үчүн гана, анын ичинде "Биоматериалды алуу" жана "Үйдөн биоматериалды алуу" үчүн гана кошулуп эсептелинет жана эсептен чыгарылат. Бонустук баллдар медициналык кызматтарга (дарыгерлердин кабыл алуусу, УДИ, ЭКГ ж.б.) жайылбайт.
- Эгер топтолгон бонустук баллдардын суммасы тапшырыктын наркынан 25% төмөн болсо, арзандатуу катары бонустук баллдардын иш жүзүндөгү суммасы колдонулат.
- Тапшырыкты бонустук баллдар менен төлөөдө жаңы бонустук баллдар кошулуп эсептелинбейт.
- Жаш курак арзандатуусу бонустук программа менен суммаланбайт. Эгер сиз жаш курак арзандатуусун колдонсоңуз, "Саламаттыгыңыз үчүн чогулткула!" бонустук баллдары кошулуп эсептелинбейт.
- Эгер карта бейтаптын аты-жөнүнө берилбесе, ал программанын жаңы катышуучусу болуп калат.
- Расмий өкүлдүн бонустук баллдарын эске албаганда, башка бейтаптын бонустук баллдарын колдонгонго болбойт
- «Гемотест Кыргызстан» ЖЧКсы анкетада көрсөтүлгөн жеке маалыматтардын купуялуулугун кепилдейт жана аларды бонустук эсепти калыбына келтирүү жана атайын сунуштар жана акциялар тууралуу маалымдоо үчүн колдонот.
- «Гемотест Кыргызстан» ЖЧКсы "Бонустук программаны ишке ашыруу эрежелери жана шарттары жөнүндө жобого" өзүнүн ыктыяры боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү укугун өзүнө калтырат.