Кольпоскопияга даярдануу

  • Кольпоскопия этек кир күндөрүнөн тышкары каалаган күндөрдүн биринде жүргүзүлөт. Этек кир бөлүнүп чыгуулары дарыгер-гинекологго кындын жана жатын моюнчасынын былжырлуу кабыгын кароого мүмкүндүк бербейт.
  • Изилдөөгө 24 саат калганда жыныстык катнаштарды толугу менен алып салуу керек, кынды жууганга болбойт, дарылык аппликацияларды колдонбоо керек, тампондорду колдонгонго болбойт.
  • Эгерде процедурага 24 сааттан аз убакыт калганда аял жатын моюнчасынын жана цервикалдык каналдын цитологиялык изилдөөсүнөн өтсө, кольпоскопия жүргүзүлбөйт.
  • Гинекологиялык сүртүндү алынгандан жана кын ичине киргизүүчү датчик менен УДИ аткарылгандан кийин кольпоскопия жүргүзүлбөйт. (Кольпоскопиядан 2 күндөн кийин гинекологиялык сүртүндү тапшырса болот.)

Изилдөө төмөнкү учурларда аткарылбайт:

  • бейтаптын жашы 18 жашка толо элек болсо;
  • кыздыгынын бүтүндүгү (кайсы болбосун куракта);
  • төрөттөн кийинки мезгил (биринчи 6-8 жума);
  • жакында эле жатын моюнчасын деструктивдүү жана хирургиялык ыкмалар менен дарылоо, ошондой эле кош бойлуулукту токтотуу боюнча жакында эле хирургиялык манипуляциялар жасалган болсо;
  • уксус кычкылдыгына жана йод препараттарына чыдамсыздык;
  • курч сезгенүү процесси.
В начало страницы