Чачты жана тырмакты изилдөөгө даярдануу
Минералдык алмашуу анализи
Чач
Чачты баштын бир нече жеринен түбүнөн кесип алуу керек — желке бөлүгү, чыкый, төбө, маңдай жактан. Боёлгон чач боёгондон кийин эки жумадан эрте эмес анализге жатат Биоматериалды алгандан кийин 24 сааттын ичинде лабораторияга мөөр басылган конвертке, бейтап жөнүндө маалыматтар жана изилдөөнүн максаты менен жеткирүү керек.
Тырмактар
Изилдөө үчүн тырмактарды колдун бардык манжаларынан кесип алуу керек (бардыгы 10 тырмак). Тырмактар лак менен капталбашы керек. Тырмактар таза пластик контейнерге салынат. Материалды чогулткандан кийин 24 сааттын ичинде лабораторияга жеткирүү керек.