Ультра добуш изилдөөгө даярдоо
Жатын жана кошумчалар
Трансабдоминалдык ыкма менен изилдөө толгон табарсык менен жүргүзүлөт. Изилдөөгө чейин 3-4 саат бою заара кылбоо жана процедурага 1 саат калганда 1 литр газдалбаган суюктук ичүү керек. Изилдөөнүн алдында тазалоочу клизма жасаңыз. Трансвагиналдык ыкма менен изилдөө бошогон табарсык менен жүргүзүлөт, анын ичинде кош бойлуулукту эрте мөөнөттө аныктоо үчүн.
Сүт бездери
Сүт бездерин изилдөө этек кир циклинин 5-күнүнөн 12-күнүнө чейин жүргүзүлөт. Курч патологияда (сүт бездеринде оору, мертинүү, эмчектен бөлүнүп чыгуулар) — циклдин каалаган күнү.
Эрендик бези
Трансректалдык ыкма менен УДИде (эрендик безин текшерүүдөгү негизги ыкма) табарсыкты толтуруу талап кылынбайт. Изилдөөнүн алдында тазалоочу клизма жасоо зарыл. Трансабдоминалдык ыкма менен УДИде изилдөөгө чейин 2-3 саат бою заара кылбоо жана процедурага 1 саат калганда 1 литр газдалбаган суюктук ичүү керек.
Табарсык
Эркектер менен аялдарда изилдөө толгон табарсык менен жүргүзүлөт. Изилдөөгө чейин 2-3 саат бою заара кылбоо жана процедурага 1 саат калганда 1-1,5 литр газдалбаган суюктук ичүү керек. Күчтүү каалоо болгондо, чыңалууну басаңдатуу үчүн табарсыкты бир аз бошотуп, изилдөө учуруна карата табарсыкты толук толтуруу үчүн кайрадан бир аз суюктук ичүүгө болот.
Ич көңдөйүнүн органдары
Изилдөөгө 2-3 күн калганда тазалоочу клизма жасаңыз жана ичегиде газдын пайда болушун күчөтүүчү азыктарды (чийки жашылчалар, ынак сүт, кара нан, буурчак өсүмдүктөрү, газдалган суусундуктар, жогорку калориялуу кондитердик азыктар) рациондон алып салыңыз.
Изилдөөгө бир күн калганда күнүнө 3 жолу 2 таблеткадан «Активдештирилген көмүр» же «Эспумизан» ичиңиз.
УДИ ачкарынг гана жүргүзүлөт.
Эгерде изилдөөнү эртең менен жүргүзүү мүмкүн болбосо, процедурага 6 саат калганда жеңил эртең мененки тамакка уруксат берилет (таттуу эмес чай же кургатылган ак нан).
Изилдөө күнү сагыз чайноону алып салыңыз. Изилдөөнүн алдында тамеки тартпаңыз. Эгерде сиз дары-дармектерди ичип жатсаңыз, бул тууралуу УДИ дарыгерине эскертиңиз.
УДИден кийин ошол эле күнү лабораториялык изилдөөлөр үчүн кан тапшыруу сунушталбайт.
Рентгенографиядан, гастро- жана колоноскопиядан кийин ошол эле күнү УДИ жүргүзүүгө болбойт.