Канды эртең менен, ачкарын, 12-14 саат ачка болуудан кийин тапшыруу сунушталат.
Изилдөөнүн алдында (24 саат бою) алкоголду, интенсивдүү дене жүктөмдөрүн, дары каражаттарын колдонууну (дарыгер менен макулдашып) токтотуу керек.
Кан тапшырганга чейин 1-2 саат мурун тамеки тартуудан алыс болуп, шире, чай, кофе ичпеш керек, газдалбаган суу ичсе болот. Физикалык чыңалуудан (чуркоо, тепкич менен тез өйдө чыгуу), эмоционалдык дүүлүгүүдөн алыс болуу зарыл. Канды тапшыраардан 15 мүнөт эс алып, тынчтануу сунушталат.
Физиотерапиялык процедуралардан, аспаптык текшерүүдөн, рентгенологиялык жана ультрадобуш изилдөөлөрдөн, укалоодон жана башка медициналык процедуралардан кийин дароо канды лабораториялык изилдөөлөр үчүн тапшырбагыла.
Канды дары (өзгөчө антибиотиктерди жана гормоналдык дары каражаттарын) ичип баштаардан мурун же аларды токтоткондон соң 10-14төн кем эмес күндөн кийин тапшыруу сунушталат. Дары каражаттарын колдонуп жатсаңыз, сөзсүз дарылап жаткан дарыгерге эскертип коюңуз.