Адам D витаминин төмөнкү эки жол менен алат: тамак-аштан жана териге ультрафиолет нурлануусу тийген учурда. D витамини сөөктөрдүн жана булчуңдардын жакшы абалы үчүн зарыл – ал кальций жана фосфорго, организмибиздин "курулуш материалына" ичке ичегиде сиңирилүүдө жардам берет.
D витамини иммундук системанын туура иштеши үчүн зарыл, коронавирус дагы кирген курч респиратордук инфекцияларга каршы коргоочу таасирге ээ. COVID-19 менен ооруканага жаткырылган бейтаптардын көбүндө (болжол менен 82%) D витамининин жетишсиздиги байкалган. D витамининин жетиштүү деңгээли баштапкы стадияларында инфекциянын өрчүшүнө каршы турууга, кечирээк мезгилдерде оорунун жүрүшүнүн оордугун азайтат, оорудан кийин постковиддик синдромдун көрүнүштөрүн жумшартат деп болжолдосо болот.
D витамининин деңгээли жаш куракка (улгайгандарда көбүнчө деңгээлдин төмөндөшү байкалат), мезгилге (жайдын аягында жогорураак, кышында төмөнүрөөк), ичкен тамактын мүнөзүнө, этникалык жана географиялык популяциясына жараша ар түрдүү болушу мүмкүн. Кош бойлуулук учурунда D витамининин кандагы курамынын төмөндөшү байкалат.
D витамининин деңгээлин текшерип, организмиңизге мезгилдик эпидемиялардан сактануу, жашоо кубатын сактоо жана сөөктөрдүн саламаттыгына кам көрүү үчүн ресурстар жетиштүүбү текшерип алгыла.