01.08.2019 - 31.03.2020

Жатын моюнчасынын залалдуу шишиги тобокелин баалоо үчүн изилдөөлөр топтому

Россияда эң көп таралган онкологиялык дарттардын бири – жатын моюнчасынын залалдуу шишиги – эгер өз убагында аныкталса, айыга турган дарт. Бул дарттын кооптуу жагы акырындык менен өрчүйт жана адегенде өзүн сездирип байкатпайт, ал эми белгилер акыры пайда болгондо, өтө баалуу убакыт өткөрүлүп жиберилген болот.
Көбүнчө жатын моюнчасынын залалдуу шишигинин өрчүшүнө адамдын папиллома вирусу (АПВ) алып келет: Жатын моюнчасынын залалдуу шишигинин жана рак (залалдуу шишик) алдындагы шишиктеринин 70% учурлары анын эки эң кооптуу түрлөрү -16 жана 18-типтери менен өбөлгөлөнгөн. АПВ – жыныстык жол аркылуу жуккан эң көп таралган инфекциялардын бири: 80ден 90% чейин аялдар жашоосунда ага кабылат. Бул алардын баары залалдуу шишик менен ооруп калат дегенди билдирбейт: онкологиялык процесстин башталышына чейин 15-20 жыл өтүшү мүмкүн, ал жылдардын ичинде клеткалары бара-бара өзгөрүшү ыктымал. Клеткалардын өзгөрүшүн (дисплазияны) цитологиялык изилдөө аныктаганга мүмкүнчүлүк берет: жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги ар бир чоң аялга жабыркаган бөлүктү убагында байкап, дарылоо үчүн үзгүлтүксүз өз убагында ал изилдөөдөн өтүп турууну сунушташат. «Гемотестте» суюктук цитологиясы эң заманбап BD SurePath FocalPoint технологиялары боюнча жасалат: автоматташтырылган система 300 ар кайсы көрсөткүчтөр боюнча клеткаларды анализдейт жана өзгөрүү даражасына жараша 4 топко бөлөт.

Топтом ар бир аялга жакшы тааныш болгон флорага гинекологиялык сүртүндү – жылдык профилактикалык изилдөө менен толукталган. Ал заара-жыныс органдардын микрофлорасынын курамын аныктоого жана кичине жамбаш органдарынын сезгенүүсүнө алып келе алган өзгөчө козгогучтарды аныктоого мүмкүнчүлүк түзөт. Бул жыныстык жол менен жуккан ооруларды аныктоонун эң жөнөкөй ыкмасы.
Комплекстин курамы:
  1. Флорага гинекологиялык сүртүндү
  2. Жатын моюнчасынын залалдуу шишигинин скрининги: жатын моюнчасынын жана мойнок түтүгүнүн кырындыларын BD SurePath FocalPoint суюктук цитология ыкмасы менен изилдөө
  3. АПВ 16, 18 типтери, генотип (сапаттык)
Биоматериалды алуу өзүнчө төлөнөт.
Аткаруу мөөнөтү: 3 күн.

Акция 1-августтан 2020-жылдын 31-мартына чейин өтүүдө. Акцияны өткөрүү мөөнөтү "Лаборатория Гемотест" ЖЧКсынын өз ыктыяры боюнча өзгөрүлүшү мүмкүн.

Толук маалымат: 8 (800) 550-13-13 (бүтүндөй Россия боюнча акысыз чалуу).