САЛАМАТТЫККА АЧКЫЧ

Дарыгерлерге баруунун эч ким жакшы көрбөйт – бул убакытты алган, нерв короткон жана кымбат иш деп саналат. Бирок чындыгында саламаттык тууралуу жалпы элести алуу үчүн, узак текшерүүлөр жана кымбат процедуралар кереги жок. Организмдин негизги системалары кандай иштейт экенин болгону бир нече көрсөткүчтөр боюнча билсе болот.
САЛАМАТТЫККА АЧКЫЧ

Дарыгерлерге баруунун эч ким жакшы көрбөйт – бул убакытты алган, нерв короткон жана кымбат иш деп саналат. Бирок чындыгында саламаттык тууралуу жалпы элести алуу үчүн, узак текшерүүлөр жана кымбат процедуралар кереги жок. Организмдин негизги системалары кандай иштейт экенин болгону бир нече көрсөткүчтөр боюнча билсе болот.
Бул көрсөткүчтөр — гликирленген гемоглобин (HbA1c), эркин тироксин (Т4 эркин) жана тиреотроптук гормон (ТТГ) деңгээли. Алар калкан безинин функцияларын текшерүүгө жана зат алмашуунун мүмкүн болгон бузулууларын - кант диабетинин алгачкы белгилерин аныктоого мүмкүнчүлүк түзөт.

"Саламаттыкка ачкыч" комплексине кирген изилдөөлөр – ар бир дени соо адам – чоң адам жана бала билиши керек болгон организм тууралуу маалыматтардын негизги минимуму. Жөн гана дени соо болуш үчүн.

699 сомго үч маанилүү көрсөткүч

САЛАМАТТЫККА АЧКЫЧ


28.184. Венадан кан

  • ТТГ (тиреотроптук гормон)
  • Т4 эркин
  • Гликирленген (гликозилирленген) гемоглобин

Калкан безинин функцияларынын жана углеводдук алмашуунун бузулушу жашыруун башталат жана жайдан өрчүйт. Оорунун өрчүшүн же кабылдоолорду алдын алууга эң манилүү көрсөткүчтөрдүн туруктуу мониторинги жардам берет.

Ал эми диабет же калкан безинин фукциясынын бузулушу менен адамдар үчүн гликирленген гемоглобин, Т4 эркин жана ТТГ - бул оорунун жүрүшүн жана дарылоонун натыйжалуулугун баалоо үчүн такай өтүп туруу зарыл болгон негизги скринингдик изилдөө.
Изилдөөгө кантип даярдануу керек
Канды эртең менен жана сөзсүз ачкарын тапшыруу керек.
Анализди тапшыруу үчүн оптималдуу убакыт — эртең менен саат 8ден 11ге чейин.

Тестке чейин 24 саат мурун алкоголдон, интенсивдүү дене жүктөмдөрүнөн, дарыларды колдонуудан (дарылап жаткан дарыгер менен макулдашуу боюнча) баш тартыңыз.

Анализге чейин 8-12 саат мурун тамак ичпегиле, газдалбаган суу гана ичкиле.

Изилдөөгө чейин 1-2 саат мурун тамеки тартпагыла.

Анализге чейин 15 мүнөт мурун бир аз лабораториялык бөлүмдө отуруп тургула, эс алып, тынчтангыла.
Акция шарттары
Акцияны өткөрүү мезгилинде 18.10.2021 ж. баштап 14.12.2021 ж. чейин "Саламаттыкка ачкыч" изилдөөлөр комплекси атайын баада 699 (алты жүз токсон тогуз) сомго жеткиликтүү болот.

Арзандатуу менен тапшырыкты "Саламаттыгыңыз үчүн чогулткула" программасынын бонустук баллдары менен төлөөгө болбойт. Мындай тапшырыкка баллдар кошулуп эсептелбейт.

Биоматериалды алуу кошумча төлөнөт.

Акция 2021-жылдын 18-октябрынан 2021-жылдын 14-декабрына чейин күчүндө болот.

Натыйжаларды кайдан алыш керек
Биз натыйжаларды сиздин электрондук дарегиңизге жиберебиз же https://www.gemotest.ru/patients/result/ дареги боюнча жеке кабинеттен аларды көрө аласыз. Натыйжаларды Кыргызстандагы Гемотесттин каалаган лабораториялык бөлүмдөрүнөн басып чыгарып алсаңыз болот.

«Гемотест» лабораториясы акцияларды өткөрүү шарттарын жана мөөнөтүн өзгөртүү укугун өзүнө калтырат.