ДЕН СООЛУКТУН 8 НЕГИЗГИ КӨРСӨТКҮЧҮ

Кан биохимиясы – ички органдардын – боордун, бөйрөктүн жана жүрөк кан тамыр системасынын ишинин алгачкы баасын берген эң көп таралган жана көп маалымат берген анализдердин бирөөсү. Бул көрсөткүчтөр өнөкөт оорулардын өрчүшүндө нормадан тышкары чыгып кетишет жана дарыгерге аныкталган көйгөйгө жараша кошумча текшерүүлөр топтомун дайындоого мүмкүнчүлүк берет.
ДЕН СООЛУКТУН 8 НЕГИЗГИ КӨРСӨТКҮЧҮ

Кан биохимиясы – ички органдардын – боордун, бөйрөктүн жана жүрөк кан тамыр системасынын ишинин алгачкы баасын берген эң көп таралган жана көп маалымат берген анализдердин бирөөсү. Бул көрсөткүчтөр өнөкөт оорулардын өрчүшүндө нормадан тышкары чыгып кетишет жана дарыгерге аныкталган көйгөйгө жараша кошумча текшерүүлөр топтомун дайындоого мүмкүнчүлүк берет.
Биохимияга анализди ким тапшырышы керек
Кандын биохимиялык анализи дээрлик бардык оорулар учурунда, ошондой эле патологиялык абалдарды алып салуу үчүн алдын алуучу максаттарда сунушталат.
  • Бардык адамдарга ички органдардын абалынын жыл сайын жүргүзүлчү скрининги үчүн
  • Медициналык дары-дармектерди, өзгөчө боор менен бөйрөктүн абалына таасир эткен дарыларды колдонгонго чейин жана колдонгондон кийин
  • Аялдар үчүн кош бойлуулукту пландаган учурда жана кош бойлуулук кезде
  • Операциялык кийлигишүүнүн алдында
  • Диетаны пландоонун алдында жана диета учурунда
8 негизги көрсөткүч:
  1. Жалпы белок
  2. Креатинин
  3. Мочевина
  4. Холестерин жалпы
  5. Аланинаминотрансфераза (АЛТ)
  6. Aспартатаминотрансфераза (АСТ)
  7. Сары суу темири
  8. Билирубин жалпы
Изилдөөгө кантип даярдануу керек?
Канды эртең менен, ачкарын, 12-14 саат ачка болуудан кийин тапшыруу сунушталат.
Изилдөөнүн алдында (24 саат бою) алкоголду, интенсивдүү дене жүктөмдөрүн, дары каражаттарын колдонууну (дарыгер менен макулдашып) токтотуу керек.
Кан тапшырганга чейин 1-2 саат мурун тамеки тартуудан алыс болуп, шире, чай, кофе ичпеш керек, газдалбаган суу ичсе болот. Физикалык чыңалуудан (чуркоо, тепкич менен тез өйдө чыгуу), эмоционалдык дүүлүгүүдөн алыс болуу зарыл. Канды тапшыраардан 15 мүнөт эс алып, тынчтануу сунушталат.
Физиотерапиялык процедуралардан, аспаптык текшерүүдөн, рентгенологиялык жана ультрадобуш изилдөөлөрдөн, укалоодон жана башка медициналык процедуралардан кийин дароо канды лабораториялык изилдөөлөр үчүн тапшырбагыла.
Канды дары (өзгөчө антибиотиктерди жана гормоналдык дары каражаттарын) ичип баштаардан мурун же аларды токтоткондон соң 10-14төн кем эмес күндөн кийин тапшыруу сунушталат. Дары каражаттарын колдонуп жатсаңыз, сөзсүз дарылап жаткан дарыгерге эскертип коюңуз.
Комплекстин аты: Биохимия 8 көрсөткүч
Изилдөө коду: 27.113
Биоматериал: венадан кан
Аткаруу мөөнөтү: 1 күн
Изилдөөнүн наркы: 690 сом биоматериалды алууну эсепке албаганда + 70 сом биоматериалды алуу
Акция 2021-жылдын 31-декабыран чейин күчүндө болот.
Натыйжаларды кайдан алыш керек
Биз натыйжаларды сиздин электрондук дарегиңизге жиберебиз же https://www.gemotest.ru/patients/result/ дареги боюнча жеке кабинеттен аларды көрө аласыз. Натыйжаларды Кыргызстандагы Гемотесттин каалаган лабораториялык бөлүмдөрүнөн басып чыгарып алсаңыз болот.

«Гемотест» лабораториясы акцияларды өткөрүү шарттарын жана мөөнөтүн өзгөртүү укугун өзүнө калтырат.