Негизги метаболит кандагы D витаминин деңгээлин аныктоо үчүн лабораториялык изилдөө

Организмдин D витаминине муктаждыгы канчалык канааттандырылганын түшүнүүгө жардам берет.
Негизги метаболит кандагы D витаминин деңгээлин аныктоо үчүн лабораториялык изилдөө

Негизги метаболит кандагы D витаминин деңгээлин аныктоо үчүн лабораториялык изилдөө

Организмдин D витаминине муктаждыгы канчалык канааттандырылганын түшүнүүгө жардам берет.
Изилдөөнүн аталышы: 25-OH витамин D суммардык (25-ОН витамин D2 жана 25-ОН витамин D3, жалпы натыйжа)
Изилдөө коду: 1.110
Биоматериал: венадан кан
Аткаруу мөөнөтү: 1 күн
Изилдөөнүн наркы: 1600 сом биоматериалды алууну эске албастан + 70 сом биоматериалды алуу
Изилдөө тууралуу маалымат
Адам D витаминин төмөнкү эки жол менен алат: тамак-аштан жана териге ультрафиолет нурлануусу тийген учурда. D витамини сөөктөрдүн жана булчуңдардын жакшы абалы үчүн зарыл – ал кальций жана фосфорго, организмибиздин "курулуш материалына" ичке ичегиде сиңирилүүдө жардам берет.

D витамини иммундук системанын туура иштеши үчүн зарыл, коронавирус дагы кирген курч респиратордук инфекцияларга каршы коргоочу таасирге ээ. COVID-19 менен ооруканага жаткырылган бейтаптардын көбүндө (болжол менен 82%) D витамининин жетишсиздиги байкалган. D витамининин жетиштүү деңгээли баштапкы стадияларында инфекциянын өрчүшүнө каршы турууга, кечирээк мезгилдерде оорунун жүрүшүнүн оордугун азайтат, оорудан кийин постковиддик синдромдун көрүнүштөрүн жумшартат деп болжолдосо болот.

D витамининин деңгээли жаш куракка (улгайгандарда көбүнчө деңгээлдин төмөндөшү байкалат), мезгилге (жайдын аягында жогорураак, кышында төмөнүрөөк), ичкен тамактын мүнөзүнө, этникалык жана географиялык популяциясына жараша ар түрдүү болушу мүмкүн. Кош бойлуулук учурунда D витамининин кандагы курамынын төмөндөшү байкалат.

D витамининин деңгээлин текшерип, организмиңизге мезгилдик эпидемиялардан сактануу, жашоо кубатын сактоо жана сөөктөрдүн саламаттыгына кам көрүү үчүн ресурстар жетиштүүбү текшерип алгыла.
25-OH витамин D суммардык анализин качан тапшыруу керек?
  • Бала курагы
  • Улгайган курак
  • Кош бойлуулук
  • Айыздын токтошу
  • Жүрөк кан тамыр системасынын оорулары
  • Сөөк жана муундардын оорулары
  • Аутоиммундук оорулар
  • Онкологиялык оорулар
  • D витаминин камтыган каражаттар менен дарылоонун мониторинги

Изилдөөгө кантип даярдануу керек?
Акыркы тамак ичкенден кийин жок дегенде 4 саат чыдоого артыкчылык берилет, милдеттүү талаптар жок. Изилдөөгө чейин 12 саат мурун алкоголдук жана майлуу тамактарды алып салуу керек. Канды тапшыраардан 1-2 саат мурун тамеки тартуудан алыс болуп, шире, чай, кофе ичпөө сунушталат (газдалбаган суу ичсе болот). Кан тапшыраардан 15 мүнөт мурун эс алып, тынчтануу сунушталат.
Акция 2021-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.
"Гемотест" лабораториясы акцияларды өткөрүү шарттарын жана мөөнөттөрүн өзгөртүү укугун өзүнө калтырат.