Таза жүрөк

"Таза жүрөк" акциясынын алкагында жүрөк кан тамыр системасынын абалын билүүгө жардам берген "Зыян жана пайдалуу холестерин" изилдөөлөр комплексине атайын баа сунушталат. 2021-жылдын 18 -октябрынан 14-декабрына чейин бул комплекс болгон 500 сом турат.
Таза жүрөк

Таза жүрөк

"Таза жүрөк" акциясынын алкагында жүрөк кан тамыр системасынын абалын билүүгө жардам берген "Зыян жана пайдалуу холестерин" изилдөөлөр комплексине атайын баа сунушталат. 2021-жылдын 18 -октябрынан 14-декабрына чейин бул комплекс болгон 500 сом турат.
"Зыян жана пайдалуу холестерин" комплексине эмне кирет?
Комплекс 27.3. "Зыян жана пайдалуу холестерин" убагында чараларды көрүп, инфарктты же инсультту алдын алуу үчүн жүрөк кан тамыр ооруларынын өрчүшүнүн анык тобокелин баалоого мүмкүндүк берет.

  • Холестерин- ТТЛ (төмөнкү тыгыздыктагы липопротеиндер)
  • Холестерин- ӨТТЛ (өтө төмөнкү тыгыздыктагы литопротеиндер)
  • Атерогендүүлүк индекси

Холестерин-ТТЛ жана холестерин-ӨТТЛ — бул атеросклерозго алып келиши мүмкүн болгон "жаман" атерогендик холестерин. Атеросклероз — инфакттардын жана инсульттардын негизги себеби.
Зыян холестеринден тышкары канда пайдалуу холестерин да айланып турат. Ал тамырлардын керегесин коргойт. Канда зыян жана пайдалуу холестерин тууралуу маалыматтар атерогендүүлүк индексин – тамырлардын абалынын объективдүү көрсөткүчүн эсептөөгө жардам берет.
Зыян жана пайдалуу холестерин
27.3. Венадан кан

Липидограмма – ар кайсы фракцияларда липопротеиндердин санын жана катышын аныктоо үчүн колдонулчу лабораториялык изилдөө. Липиддердин алмашуу патологиясын аныктоо, жүрөк кан тамыр системасынын ооруларынын өрчүшүнүн тобокелин жана божомолун баалоо үчүн колдонулат.

Бул изилдөөнүн натыйжалары комплекстик изилдөө учурунда, анын ичинде профилактикалык изилдөөдө, жүрөк кан тамыр ооруларынын өрчүшүнүн тобокелин баалоодо колдонулушу мүмкүн.
Кимге жүрөктү текшерүү пайдалуу?
"Зыян жана пайдалуу холестерин" изилдөөлөр комплекси саламаттыгы тууралуу толук жана анык маалыматка ээ болууну каалаган бардык адамдар жана төмөнкү адамдар үчүн пайдалуу болот:
  • Холестериндин жогорку деңгээли менен адамдар;
  • Жаңы COVID-19 коронавирустук инфекциясы менен ооруган адамдар;
  • Тез-тез стрессте болуп жана чочулап тургандар, жакшы уктай албагандар, анчалык жетиштүү эмес сергек жашоо менен жашагандар;
  • Спортко убакыты жок болуп, тамактануусун көзөмөлдөбөгөндөр;
  • Үй-бүлөлүк гиперхолестеринемия же жакындарында жүрөк кан тамыр оорулары болгондор;
  • Кант диабети же диабеттин алды, жүрөктүн ишемиялык дарты жана артериялык гипертензия аныкталган адамдар;
  • 45+ жаштагы эркектер жана 50+ жаштагы аялдар.

"Зыян жана пайдалуу холестерин" изилдөөлөр комплекси - дени соо адамдар жана тобокел тобундагы адамдар үчүн инфаркт жана инсульттарды алдын алуунун ишенимдүү ыкмасы.